Кара-Балта шаарында бир ай бою билим деңгээлин жогорулаткан дин кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды

Кара-Балта шаарында "Дааватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу" курсунда бир айлык окууга катышкан дин кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "Дааватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу" бир айлык курсу Кара-Балтадагы "Имам Азам" медресесинде өткөрүлгөн. Ага Бишкек жана башка аймактардан келген 52 дааватчы катышты. 

"Бул окуу курсунда аймактардан келишкен дааватчылар араб тамгаларын жана Куран китебин туура окуганды үйрөнүштү. 21 дааватчы мусулмандардын Куран китебин 3 жолу башынан аягына чейин окуп чыгышкан",- деп айтылат маалыматта. 

Сертификат тапшыруу аземине Дин башкармалыгынын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Билалдин Cайпиев ажы жана бул бөлүмдүн адиси Жолдошбек Абдылдаев катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан