Чүй облусу 2014-жылга коюлган планды 109 пайызга аткарды. Муну өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев 17-февралдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы Чүй облусунда жетишкендиктер көп болду. “Салыкты чогултуу боюнча өсүш жогоруласа, айыл чарба багытындагы өндүрүш төмөн болуп, план 95 пайызга аткарылды. Буга аба ырайы себеп болду”,- деди Исаев.
Исаев өткөн жылы облуста 2 мектеп, 31 бала бакча, 7 машыгуу залы курулуп, пайдаланууга берилгенин кошумчалады.