“Чүй облусунда тоо этегинде жайгашкан айыл өкмөттөрү мамлекеттик камсыздандыруудан чыга албай жатышат” дейт Канатбек Исаев

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев Чүй облусундагы айыл өкмөттөрдүн жарымы өзүн өзү багууга өткөнүн 17-февралда журналисттерге маалымат берип жатып айтты. Ошондой эле тоо этегине жакын жайгашкан айыл өкмөттөрү өзүн өзү бага албай жатканынын себебин түшүндүрдү.

“Шаарга жана ири жолдорго жакын айыл өкмөттөрү дотациядан чыгышты. Себеби бул айыл өкмөттөрүнө инвесторлор тартылып, завод салынып жатат, ошондой эле айдоо жерлерин жылына 30-40 миң сомго ижарага берип каражат таап жатышат. Тоо этегиндегилер айдоо жерин ижарага 2-3 миң сомго беришет. Ошондуктан инвестициялык климатты жакшыртып, өнүкпөй жаткан айыл өкмөттөрүнө инвестор тартыш керек. Эгерде каршы болуп, митингге чыгышса, анда эч кандай пайда таппай, мамлекетке көз каранды бойдон калышат”,- деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан