Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард метр кубга аз

17-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 518 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 43 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 143 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 154 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 538 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 808 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 17-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 961 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан