Өкмөт жооп берет: "20-30 миң рубль берсең, Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарабыз" деп алдагандарга чара көрүлүп жатабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - "Кара тизмеде" бар экенсиң" деген адамга акча берсе, ал тизмеден чыгарып коёт экен. Алар ошентип алдашат. Мындайларга чара көрүлүүдөбү? Суроо калтырган baisal1

Жооп: - Ар кандай фирмалар, айрым адамдар “20-30 миң рубль берсең, “кара тизмеден” чыгарып беребиз” деген жарнамаларын чыгарып жатышат. Бул фактылар боюнча биз Ички иштер министрлигине кат жөнөткөнбүз, себеби булар эмненин негизинде иштеп жатышканы түшүнүксүз. Ошондуктан жарнамаларды окуп баргандан мурда ойлонуп, текшерип, маалымат алып, анан барышса. Анткени бизге “ушинтип акча берип койгонбуз, “кара тизмеден” чыкпай калдык, качып кетишти” деп көп кайрылышат. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги “кара тизмени” текшерүү жана чыгаруу боюнча арыздарды бекер кабыл алат. Аталган тизмеде бар же жок экениңизди ар бир аймактагы биздин өкүлчүлүктөр текшерсе болот. Ошондой эле “Манас” Эл аралык аэропортунда, темир жол станциясында дагы бул боюнча ишти акысыз алып барышат. Мындан тышкары Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Паспорттук-визалык тейлөө деген филиалы былтыр Бишкекте ачылган. Бул мекемеде “кара тизме” боюнча толук маалыматты текшерсе болот. Мисалы, биздин министрлик Федералдык миграциялык кызматынын сайтынан текшерип берет, ал жогоруда айтылган 9 органдын бири гана, ал эми бул филиалдын базасы кененирээк экен.

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jorobaeva
2015-02-18 17:48:45
Эгер Россиядан чыкандан кийин 90кун ичинде кируго болбойбу сураныч жооп Берии коюнуздарчы
0
admin_superstan
2015-02-18 18:14:38
jorobaeva, суроону кененирээк "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө жазыңыз.
0
jorobaeva
2015-02-20 14:56:50
admin_superstan, жасам кетпей жатат
0
admin_portal
2015-02-20 15:16:23
jorobaeva, Саламатсызбы!
Кандай катачылыктар же көйгөйлөр болуп жатат кеңири купуя аркылуу жиберсеңиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан