2014-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан билим берүү тармагына 166 миллион 276 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, билим тармагында сарпталган каражаттардын катарында 2014-жылы көптөгөн объекттердин оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүлгөн. Ошондой эле Ысык-Көл районунда 2 кичи автобус жана Балыкчы шаарында 1 кичи автобус окуучуларды ташууга сатылып алынды. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагына 27 миллион 540 миң сом бөлүнсө, маданият тармагына 12 миллион 900 миң сом, спорт тармагына 50 миллион 460 миң сом жана жол жана суу менен камсыздандырууга 128 миллион 415 миң сом бөлүнгөн.