Бүгүн, 17-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак аймагындагы орто мектепте “Дин жана диний экстремизм” деген темада окуучулар менен талкуу болуп өттү.
Ош облустук казыяттан кабарлашкандай, талкууга Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук маданият бөлүмүнүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жооптуу дин өкүлдөрү катышышты. Талкууда негизинен Сирияга кетүүнүн алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү. Ал эми терс көрүнүштөрдүн алдын алууда исламдын орду боюнча Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ыманали Матраимов кеңири баяндама жасап, динге байланышкан суроолорго жооп берди. Анын айтымында, диний билимди ар жерден эмес, расмий дин кызматкерлеринен гана алуу керек экенин белгилеп, андыктан келечек жаштарыбыз үчүн мектеп партасынан баштап динди туура түшүндүрүү зарыл экенин белгиледи. Жыйынтыгында катышуучулар диний экстремизмге каршы тыгыз иш алып барууну белгилешти.