Министр Айбек Азыранкулов орун басары шалаакылыгынан улам кызматтан алынганын айтты

Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов орун басары Доскул Бекмурзаевдин эмне себептен кызматтан бошотулганын 17-февралда министрликтин коллегиялык жыйынында айтты. Анын билдиришинче, Бекмурзаев өз ишине шалаакылык мамиле жасаганы үчүн кызматтан алынган. 
"Биз эки күндөн бери Ысык-Көл облусундагы министрликтин башкармалыктары менен таанышып чыктык. Бирок министрлик түзүлгөндөн бери Бекмурзаев бир да жолу басып барбаптыр. Бүгүн эртең менен келатсак эл тосуп туруптур, "силер менен кол алышып учурашып кетели дегенбиз, таптакыр келбейсиңер" деп. Андан сырткары 4-5 жыл аралыгында 10 гана долбоор ишке ашырылыптыр, башка облустарда 400-500дөн долбоор ишке кирген",- деди Азыранкулов.  
Министр бул айтылгандар башка башкармалыктардын жетекчилерине да тиешелүү экенин кошумчалады. 
"4-5 жылдан бери аткарбаган нерселерди алып келип, кайра эле пландап жатасыңар. Албетте, кайрылгыла, бирок ушунча жыл ишке ашпаган нерсе бүгүн ишке ашып кетмек беле? Натыйжасыз иштептирсиздер",- деди ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zman53
2015-02-17 18:11:45
Жетекчи кандай болсо,орун басарлары да ошондой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан