Кыргызстандагы Озон борборунун адистери өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкармалыктарынын жана борбордук аппаратынын инспекторлоруна озон катмарын коргоо жана озон катмарынын бузулушуна алып келүүчү терс заттардын алдын алуу тууралуу окуу өткөрүштү. Бул тууралуу 17-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окуунун жыйынтыгы менен Озон борбору тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына баасы 4 миң доллар турган газоанализатор аппараты белекке берилди. Ушул эле семинар 24-февраль күнү Ош шаарында өткөрүлөт. Ага инспекциянын Ош, Жалал-Абад, Баткан облустарындагы аймактык башкармалыктын инспекторлору катышмакчы.