Бүгүн, 17-февралда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жыйынында мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу борборунун дарегине катуу сындар айтылды. Жыйында борбор жетекчиси 2014-жылы аталган борбор 362 кыргызстандык жаранды Орусия жана Казакстанга жумушка орноштурганын айтты. Бирок мындай жыйынтыкка министр Айбек Азыранкулов макул эместигин айтып, борбор эч кандай иш аткарбай жатканына токтолду.
“362 жаранды жумушка орноштурдук” деп жатасыздар. Бирок алар сиздерден жөн гана кеңеш алып, өздөрү эле кетип жатышпайбы. Жумушка сиздер орноштурдуңуздар дейли, бирок күнүнө жүздөгөн жарандар жумуш издеп кетип жатса, сиз айтып жаткан көрсөткүч уят. Сиздер кетип жаткан ар бир жаран менен тыгыз иш алып барышыңыздар керек болчу. Анан да сиздердин милдетиңиздер - өлкө ичиндеги жарандарды жумуш менен камсыз кылуу. Бул жагынан бир да адамды жумушка орноштурбапсыздар. Бул борбордун Ош шаарына да бөлүмү ачылган, бирок ал жер иштебейт турат. Комиссия барганда гана ачылдык деп көрсөтүп, кийин жаап саласыздар. Ошондуктан мен сиздин жоопкерчилигиңизди кароого мажбур болом”,- деди Азыранкулов.