Жайыл райондук аялдар психоневрологиялык жатак-үйүнө 100 миң долларлык материалдык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, гранттык жардамдын суммасы 100 985 АКШ долларын түзүп, Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” аталышындагы долбоорунун алкагында берилди.
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, долбоор Жайыл райондук аялдар психоневрологиялык жатак-үйүнүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Азыркы тапта бул мекемеде 242 бейтап ар кандай психикалык оорулардан дарыланууда.
Ал эми Япониянын Кыргызстандагы өкүлү Такаюки Коикэнин айтымында, Кыргызстандын аймагында 1996-жылдан бери 114 долбоор иштеп келген. Аларга жумшалган жалпы сумма 7 387 278 долларды түздү.