Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун берген 1997-жылдан 2014-жылга чейинки аралык боюнча отчётунда облустун ичинде жумуш менен камсыз кылууда жалпысынан 45 мекеме иштеп келгени айтылат. Фонддун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын 29у олбуста жайгашкан жергиликтүү ишканалар болуп эсептелет. Бул ишканаларда 2500 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Аталган фонд тарабынан эмгек акы, салык жана Социалдык фондго чегерүүлөр 2010-2014-жылдарга карата жалпысынан 301,7 миллион сомду түзгөн.