17-февралда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин коллегиялык жыйынында Орусияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын экзамен тапшыруудагы көйгөйлөрү көтөрүлдү. Жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева министрликке кайрылып: "Мигранттар экзаменди Кыргызстандан эле тапшырса боло турганы боюнча келишим бар эле. Бирок мен Орусияга кетип жаткандардын биринин да сынак тапшырганын көргөн жокмун",- деди. Министрликтин өкүлү Орусияга иштөөгө барам дегендер 10-марттан тартып Кыргыз-Орус Славян университетинде сынак тапшыра алышарын билдирди. Бирок бул аталган окуу жай менен Орусиянын жеке келишиминин негизинде жүрмөкчү. Айта кетсек, кыргызстандык мигранттар 2015-жылдын 15-январынан тартып орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча тестирлөөдөн өтүп башташкан.