Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында Кара-Суу суусунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу суусунун оң жээгинин 120 метр аралыгы бекемделди. Ошондой эле
Жусупбек көчөсүнүн 150 метр аралыгы, Субан көчөсүнүн 170 метр аралыгы тегизделди. Бекемдөө иштерине айыл аймактан керектүү техникалар тартылып, жумуш толугу менен аяктады.
Айта кетсек, 11-февраль күнү Өзгөрүш айылындагы 27 үйдүн короо-жайын суу каптаган. Анын кесепетинен 2 турак үй авариялык абалга келген.