Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев 17-февралда өткөргөн маалымат жыйынында кризиске каршы жеке планы даяр болгонун билдирди. “Жеке планым даяр болду, жакында кризиске каршы программанын тизмесине кирет. Программамда 2015-жылы облус боюнча 10дон ашуун ишкана куруу жана социалдык объектилерди салуу маселелери каралган. Бул менин оптималдуу планым, аны ишке ашырууга убада кылам. Ал эми биз кытайлык ишкерлер менен тыгыз мамиледе иштеп жатабыз, алар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экендиктерин айтышууда”,- деди Исаев.
Андан сырткары өкмөт өкүлү 2015-жылы Чүй облусунда дыйкандар үчүн суу көйгөйү жаралбай турганын айтты.
“Орто-Токой суу сактагычында 470 миллион куб метр суу сакталат. Бирок өткөн жылы кургакчылыкка байланыштуу суу тартыш болуп, дыйкандар кыйналып калышкан. Метеорологдордун алдын алып айтуусуна караганда, быйыл, кар жетишерлик жаагандыктан, кургакчылык болбойт. Орто-Токой суу сактагычы сууга толсо, быйыл дыйкандарга көйгөй болбойт деп ишенем”,- деди ал.