Кыргызстандын жарандары Орусия Федерациясына айдоочу катары иштөөгө барган учурда Кыргызстандан алган айдоочулук күбөлүктөрү алмаштырылышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-февраль күнү журналисттер менен жолугушуу учурунда Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жалпы консулдук суроолор бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Үмөталиев билдирди. Анын айтымында, эгер кыргыз жараны Орусияга иштөө максаты менен эмес, башка өзүнүн иштери менен барса, анын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу кажет эмес.
“Эл аралык статустагы айдоочулук күбөлүктөрдү да алмаштырууга туура келет. Ал документтер Орусияда иштөө үчүн жарактуу эмес”,- дейт Үмөталиев.