Орусияда жогорку квалификациялуу адистер, ал жактагы студенттер орус тили сынагынан бошотулушкан

Учурда орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча милдеттүү түрдө тест тапшыруу чет элдик мигранттар үчүн 2015-жылдын 1-январынан тарта киргизилген. Бирок ал 3 категориядагы мигранттар үчүн каралган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Арслан Үмөталиев билдирди. Анын айтымында, айтылган категорияга жогорку квалификациялуу адистер, Орусияда окуган студенттер жана 1991-жылдын 1-сентябрна чейин, башкача айтканда, СССР учурунда орто мектептен тышкары билимге ээ болгондор жогорудагы сынакты тапшырбай эле патент алып, ишке орношо алышат.

Айта кетсек, тесттин баасы 5 миң рублдун тегерегин түзөт. Ал эми алынган сертификат 5 жылга жарактуу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
uulay
2015-02-18 14:44:17
Диплому барларчы? Жогорку квалификациялуу адис дегенге кандай тушунсок болот?
0
Наргиза Бекжанова
2015-02-18 15:19:16
uulay,диплому барлар
0
uulay
2015-02-18 15:50:13
Наргиза Бекжанова , рахмат сизге!
0
tynara81
2015-02-18 21:46:12
uulay, жогорку квалификациялуу адистер келишимдин негизинде келип, диплому менен иштеп жаткандар. Жана ошондой эле келишим менен келбесе деле бул жакта диплому менен иштеп жаткандар, менимче.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан