Бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясында облустагы мусулмандар казыяты жана шаар тургундары диний экстремизмдин алдын алуу маселеси боюнча жыйын өткөрүштү. Мэриянын басма сөз кызматы жыйында Сирияга кеткендер эмне себептен жана кандай жолдор менен кетип жатышканы тууралуу тасма көрсөтүлүп, шаар тургундарына түшүндүрүү аракети көрсөтүлгөнүн билдирди. Тасмада бир туугандарынын ошол жакта болуп, алардын чакыруусу менен кетип калгандар, кыз-келиндердин алданып, окууга, жумуш бар дегендерге азгырылып кетип жатканы сүрөттөлгөн. Акыркы расмий маалыматтар боюнча, Сириядагы согуш талаасына кеткендердин саны 200дөн ашканы айтылды.