Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала 1,5 айдан бери өзүнө келе элек. Ал сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, бирок абалы өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
“Баланын абалында олуттуу өзгөрүүлөр боло элек. Акырындан тамак жутуп калды. Учурда анын абалын көзөмөлдөп, 3 дарыгер күнү-түнү кароодо",- деди Т.Өмүрбеков.
Айта кетсек, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран жана анын аялы эки айга камакка алынган. 47 жаштагы жаран 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Ал эми 2 жаштагы бала 11-январдан бери оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жаткан, учурда жалпы дарылануучу бөлүмдө дарыланууда.