Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 19-февралда Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, саат 09:30дан 18:00гө чейин Бишкек шаарындагы Күрөңкеев, Тыныстанов көчөлөрү, Эркиндик бульварынын айланасында электр жарыгы өчөт. Ал эми саат 09:00дөн 14:00гө чейин Жибек-Жолу, Алматы, Будённый, Т.Айтматов, Салиева көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. 

Ошондой эле Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Лебединовка (Мичурин, Восточная, Ленин, Жеңиш, Северная, Киров, Комсомол, Октябрь, 8-Март, 9-Май, Пионер көчөлөрү) Восток (Сейтек, Семетей көчөлөрү), Пригородное (Горький, Маяковский, 1-Май, Береговая, Садовая, Сибирь) айылдарында жарык өчөт.

Мындан сырткары Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында, (Совет, Токтогул, Ленин, Калинин, Свобода, Фрунзе, Новая, Мельничная, Вокзал, Железнодорожная, Полевая жана Белинский көчөлөрү), 1-Май айылы, Шопоков шаарында (Геофизика, Геология, Южная көчөлөрү) жарык өчөт. Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы (Пальмир Талияки, Октябрь, Железнодорожная, Энергетик, Токтогул, Заводская, Новороссийск, Фурманов, Целинная, Павлик Морозов көчөлөрү), Ысык-Ата районундагы Кант шаарында (Октябрдын 50 жылдыгы, Гагарин, Мичурин, Абрикосов, Шолохов, Парк, Комсомол, Зубков, Меркулов, Мирная көчөлөрү), Люксембург айылында (Ваккер, Западная, Токмок, Совет, Кыргыз, Тельман көчөлөрү) жарык өчөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан