Эртең, 19-февралда Бишкекте “Караколдо баш аламандык уюштурушкан” деп айыпталып жаткандар боюнча коомдук талкуу өтөт. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Саруу айылы жана Каракол шаарындагы баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып жаткандардын азыркы абалы талкууга алынат. Бул тууралуу 18-февралда
SUPER.KG порталына Саруу айылынын тургуну
Абай Узаков өзү билдирди.
Ал: "Азыркы тапта 5 тургун түрмөдө жатат. Дагы 12 бала тергөө иштеринин айланасында суракка алынууда. Эртеңки жыйында мына ушул маселелерди карайбыз",- деди.
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун бир канча тургуну кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон.