Борбор калаада зордукталгандыгын айтып, арыз жазган кыз тиешелүү экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен 24 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Аламүдүн-1 кичи районунан аны жеткирип барган таксист аны күч колдонуу менен зордуктап койгонун айткан. Бирок тиешелүү экспертизадан өтүүдөн баш тартып, анын себебин түшүндүрө албай койгон. Кийинчерээк ал милицияга келип, аны зордуктады деп шектелген жаранга тосмо арыз жазып берген.