Ош мамлекеттик университетинде Литванын Вильнюс мамлекеттик университетинин профессору, билим берүүнүн менеджменти боюнча тажрыйбалуу адис Зелвис Римантас лекция окуду. Окуу жайдан билдиришкендей, ал окуу жайдын магистранттарына билим берүүнүн менеджменти боюнча лекция окуп, билим берүүнү реформалоо багытындагы кызыктырган суроолорго жооп берди.
Зелвис Римантас бүгүн, 18-февраль күнү университеттин профессордук-окутуучулук курамы үчүн лекция окуп, пикир алышып, тажрыйба бөлүшөт. “Учурдагы билим берүүнүн абалы, билим берүүнүн структуралык башкаруу менеджменти, Европа өлкөлөрүндөгү билим берүү системи, билим берүүдө жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча бир топ тажрыйбага ээ адистин лекцияларын угуу биздин магистранттарга, окутуучуларга бир топ пайдалуу болуп жатат. Магистранттарыбыз профессор Зелвис Римантастан пайдалуу кеңештерди угуу менен кызыктырган маалыматтарга ээ боло алышты”,- деди "Educa" долбоорунун ОшМУдагы координатору, Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева.
Профессор Зелвис Римантас Ош мамлекеттик университетиндеги билим берүүнүн системи, окуу имараттары, музейлери менен биргеликте Ош шаарындагы тарыхый жерлери менен таанышып чыкты.