Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун жыйын залында балдарга карата
зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февраль күнү борборубуздун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөшү, анын алдын алуу жана ага каршы туруунун жолдору, ошондой эле мектепке
барбаган, иштеген балдардын көйгөйлөрү талкууланды. Жыйындын талкуу чордонуна акыркы учурдагы окуялар түштү. Өзгөчө ооруканада жаткан Ибрагимдин, өз балдарын
бычактап салган эненин жана балдарын туугандарына таштап, иштеп кеткен ата-энелердин балдарына болгон мамилеси айтылды. Мындан тышкары ар бир
райондогу социалдык кызматкерлерге эл менен тыгыз иштөө, кордук көргөн
балдарга жардам берүү, ар кандай иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы
берилди.
Жыйын жүрүшүндө вице-мэр Айгүл Рыскулова: “Бүгүнкү күндө балдар боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Миңге жакын бала
мектепке барбайт. Алар базарларда иштеген жана медреселерде
окуган өспүрүмдөр. Балдарын карабай, ичкиликке берилип кеткен ата-энелер да бар. Азыркы
учурда ар бир бала менен тыгыз иштеп, аларга жардам бергенге аракет
кылып жатабыз”,- деп белгиледи.
Аталган жыйын Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен өткөрүлдү.
Ага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Биринчи Май райондук
администрация башчысы Аскербек Тукешев, социалдык өнүктүрүү министри
Кудайберген Базарбаев, шаардын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы,
райондук администрациялардын башчысынын орун басарлары жана райондогу Социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.