Ысык-Көлдө диний-экстремисттик, террористтик кылмыштардын алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү

Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында Ысык-Көл облусундагы диний-экстремисттик, террористтик кылмыштар боюнча алдын алуу иштеринин аткарылышы жөнүндө кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда облустук мусулмандар казыятынан билдиришти. 

"Кеңешменин алкагында аймактагы диний абалды туруктуу сактоого жана калк арасында нааразычылыктардын алдын алуу боюнча кеп козголду. Ошондой эле Ысык-Көл облусунан чет мамлекеттерге чыгып кеткен жарандардын бирдиктүү базасын түзүү жана диндин айырмалары боюнча маалымат берүү туурасында кеңири сөз болду",- деп айтылат маалыматта. 

Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Р.Борбукеева, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 4-бөлүмүнүн жетекчиси, Ысык-Көл облусунун казысы катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан