Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,4 миллиард метр кубду түзүүдө

18-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 485 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 169 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 141 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 541 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 816 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 18-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 902 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
paren.
2015-02-18 18:55:34
Жакында тугонотко
0
chonko.samat7
2015-02-18 21:50:14
paren.,антип суйлобо
+1
edu.kg
2015-02-18 19:14:50
Ммм тугонгону ушу да . ЖАКЫНДА светсиз отурбасак болгону.
0
Aviator
2015-02-18 19:22:04
тугонбойт. баары жакшы болот. бирок сурот токтогул суу сак тагычтын суроту эмесго
+1
danyshman
2015-02-18 20:59:05
Азыраак экономдоп агызгылачы.Ашар уюштуруп ар бир Кыргызстандык жаран жок дегенде бир чакадан суу куйса кыйла толуп калаар беле.
+2
kursantbek
2015-02-18 21:29:11
курп сай гесиго бул )))
0
sagyn01
2015-02-18 22:09:54
2014-Жылы 141 метр кубту тузгон?
0
edu.kg
2015-02-18 22:52:16
Ушул Геэстеги ток чыгарып беруучу эн главный торт агрегаттын бироосун кузундо октябрь айында бузуп тынышыптыр аны ондогондго кызыккан адам жок турат имиш. Эгерде суунун колому 7млиар кубга тушсо ток болуу мумкунчулугу азайып агрегаттар иштен чыгышы мумкун экен. Кудай сактасын эми светсиз отуруп калуудан.
+1
kg-zzzzz
2015-02-19 00:02:41
максим бакиев сууну сатып жиберди деп тополон кылышты эле эми не болуп атат дагы максимби?
+1
SULUU-KYZ
2015-02-19 08:48:34
Токтогул ГЭСи эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан