КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бактыбек Секимов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка ылайык, кызматтан боштууга Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин ушул жылдын 10-февралындагы токтому жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын 16-февралдагы көрсөтмөсү себеп болду.
Айта кетсек, Бактыбек Секимов Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы болуп 2012-жылы дайындалган.