Бишкектин Көк-Жар кичи районунда Бишкек мэриясынын жетекчилиги, Бишкек ШИИББинин жетекчилиги тургундар менен жолугушту. Мэриядан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө аймактык инспекторлордун калк менен жүргүзгөн жумушу, жолду оңдоо, жарыктандыруу, тротуар менен канализацияны жөнгө салуу маселелери каралды.
Жолугушууга Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, шаардык кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Кашкар Жунушалиев жана башкалар катышты.