Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат

Бишкек-Ош унаа жолундагы 121-137 жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 19-февралдан 22-февралга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, премьер-министрдин 2015-жылдын 18-февралында чыккан №132-буйругун аткаруу үчүн Кой-Таш айылынан чыккан КРнын Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби жана ӨКМнын ыкчам тобу 2015-жылдын 18-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда түнөп калышты. 2015-жылдын 19-февралында саат 06:00дө ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан жылып жүрүүчү башкаруу пункту жолго чыкты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан