Кооптуу жарлардын бөлүктөрүн жардырып түшүрүүгө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда чектөөлөр болот

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313-чакырымындагы Бейше-Булак тилкесинде 19-20-февраль күндөрү коркунучтуу жарды жардырып түшүрүү жана тазалоо иштерине байланыштуу Облустук жарандык коргонуу комиссиясы жол каттамына чектөө киргизет. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Кочкор районунан (Кочкор жана Сары-Булак айылдарынын аралыгы) Нарын районун көздөй жүргөн унааларга саат 10:00дөн 18:00гө чейин жол каттамы убактылуу жабылат. Ал эми Нарын шаарынан Бишкек тарапка жүргөн унааларга саат 12:00дөн 18:00гө чейин Нарын районунун Оттук айылынан жол каттамы жабылат.

2015-жылдын 20-февраль күнү Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы автоунааларга саат 8:00дөн 18:00гө чейин жол каттамы жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан