Жети-Өгүз районунда техника шаймандары айдап-себүүгө 60 пайыз даяр

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев облустун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда иш сапары менен болуп, жазгы айдап-себүү, талаачылык иштерине болгон даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөрү жана коомчулук менен болгон кеңешмеде сугат иштери тууралуу сүйлөшүүгө басым жасалды. Анткени өткөн жылы кургакчылык болуп, эгин талааларында түшүмдүн аз болушу дыйкандарга бир топ кедергисин тийгизген. Үстүбүздөгү жылы сугат иштерин колго алуу дыйкандарга өбөлгө болмокчу. Андыктан Жети-Өгүз районунун жер-жерлеринде ыкчам бригадалар түзүлүп, алар коомчулукка суу бөлүштүрүүдө тартипти катуу көзөмөлгө алышарын билдиришти жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Быйыл Жети-Өгүз району боюнча үрөндү даярдоо 88 пайыз, ал эми айдап-себүүгө техника шаймандарынын 60 пайызы даяр экени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан