"Кочкордо өлгөн кишинин үйү боюнча чечимге нааразы тарап сотту каралабай, экинчи инстанцияга кайрылышы керек" дейт райондук соттун төрагасы

“Ар бир ишке сот чечимин чыгарганда сөзсүз нааразы тарап чыгат. Мындай учурда, албетте, бир тарап жеңилсе, экинчиси утат. Эгер соттун чечимине нааразычылык пайда болсо, утулган тарап экинчи инстанцияга кайрылып, аны кайра каратса болот. Бирок мындан сотту күнөөлөп, анын адамдык сапатына шек келтиргендин эмне кереги бар?” Мындай нааразычылыгын бүгүн, 19-февраль күнү SUPER.KG порталына Кочкор райондук сотунун төрагасы Шаршенбек Астаркулов билдирди. Анын айтымында, Нарын облусунун Кочкор районунун С.Жайлообаев аттуу тургуну анын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп жатат. 

“Мен бул иш боюнча болгон документтерди даярдап койдум. Бул жерде каза болгон кишинин үйүн талашуу маселеси каралган. Булар мыйзам чегинде даттана бериши керек, болду. Нарын облустук сотунда да биздин чечим күчүндө калды. Бул тарап чечимге эле нааразы болуп жатат. Эми булар нааразы болсо, мыйзамда жазылгандай, Жогорку Сотко кайрыла алышат. Эч кандай маселе жок бул жерде. Райондун чечими күчүндө турат, аны мыйзамга туура эмес деп айтууга болбойт да. Маалымат жыйынын өткөргөнү жатышыптыр, бирок митинг өткөрөбүз дешкенин уккан эмесмин”,- дейт судья.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан