Спорт тармагын реформалоо үчүн жумушчу топ түзүлөт
Кыргызстанда спорт тармагын реформалоо үчүн жумушчу топ түзүлөт. Мындай чечим 19-февралда спортту реформалоо боюнча Өкмөт үйүндө өткөн жыйында кабыл алынды. Жумушчу топ түзүү милдети Дене тарбия жана спорт агенттигине жүктөлдү. Топтун курамына эмгеги сиңген спортчулар, өкмөт өкүлдөрү кирмекчи. Алар бир айдан кийин жыйынга чогулуп, бул маселени карап, өкмөткө сунуш беришет.