Кечээ, 18-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Москва-1980” Жайкы Олимпиадасынын чемпиону болгон Александр Мелентьевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Кошумчалай кетсек, Олимпиада чемпиону 16-февралда оорудан улам көз жумган эле.
Маалыматка ылайык, анда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов, спорт ишмерлери, маркумдун жакындары жана башкалар болушту.
Александр Мелентьев 1954-жылы 27-июнда Орусиянын Пенза шаарында төрөлгөн. Кезинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. Ок атуу спорту боюнча 1980-жылы Олимпиада оюндарын уткан. Андан тышкары ал 8 ирет Дүйнө чемпиондугун, 7 ирет Европа биринчилигин, 13 ирет СССРдин биринчилигин утуп алган.