Жугуштуу оорулар ооруканасына жыл башынан бери кызамык менен 4079 адам кайрылган. Анын ичинен 2149 адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
“Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган жарандардын ичинен 1874ү толугу менен дарыланып чыгышты. Бүгүнкү күндө ооруканада 275 адам дарыланууда. Алардын 60 пайызын жаш балдар түзөт. Күн сайын бизге бул оору менен 95-100 адам кайрылып жатат. Ооруканадагы орундардын баары бош болбогондуктан, айрым бейтаптар коридордо жатууга аргасыз болушууда”,- дейт Г.Аалиев.
Анын айтымында, кызамыкка кабылгандардын басымдуу бөлүгү жаш балдар. Ошол себептен улам алардын баарын эмдөө зарыл. Эгерде балаңыздан аталган оорунун белгилерин байкасаңыз, аны дароо башка балдардан бөлүү керек. Андан соң тез арада үйгө дарыгерлерди чакыруу абзел.
“Бул ооруга чалдыкпоо үчүн жаш балдарды эл көп топтолгон жерлерге алып баруудан алыс болуңуз. Эгерде тууганыңыз же тааныштарыңыз бул ооруга чалдыккан болсо, ал жакка баланы алып барбоо керек. Муну айтканымдын себеби, жакында ооруканабызга бир үй-бүлө түшкөн. Алардын айтымында, тууганы кызамык менен ооруп калган, анын абалын сураганга барып, өздөрү да, балдары да кызамык менен сыркоолоп калышкан”,- деп кошумчалайт Г.Аалиев.
Дарыгердин айтымында, эгер бул оорунун белгилери байкалса, аны өз алдынча дарылабоо керек. Муну менен жаныңыздагы адамдарга да жугузуп алышыңыз мүмкүн, андан сырткары оору жеңил түрүнөн оорлошуп кетиши мүмкүн.