Бүгүн, 19-февралда Ош шаарындагы “Айданек” балдар бакчасында “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын өмүрүн коргоодо жол эрежесин үйрөтүүнүн ролу” деген теманын тегерегинде семинар болуп өттү.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда балдардын өмүрүнүн коопсуздугун сактоонун жоопкерчилигин жогорулатуу максатында педагогдордун компетенттүүлүгүн жогорулатуу, мектеп жашына чейинки балдардын жол эрежелери боюнча билимин аныктоо мониторингин жүргүзүү жана ата-энелерге кеңеш, жардам берүүнү камсыздоо сыяктуу маселелер ортого салынды.
Ошондой эле мектепке чейинки балдарга жол эрежесин үйрөтүү боюнча балдар бакчасында толук кандуу шарт түзүлүүсү бала бакча жетекчилерине милдеттендирилди. Семинарга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана аталган башкармалыкка караштуу бардык бала бакчалардын жетекчилери катышты.