Бишкекте жаш балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча "Балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болгондо жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин аракетинин алгоритми" аталышындагы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын кызматкерлери билдиришти.
Семинардын максаты - тийиштүү кызматкерлерди жаш балдардын, анын ичинде окуучулардын зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу маалымат алганда тез арада чара көрүүгө үйрөтүү. Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык педагогдор жана шаардык мектептердеги психологдор зордук-зомбулукка кабылган кырдаалдан кантип баланы алып чыгуу керектигин талкуулап, алдын алуу боюнча сунуштарды айтышты.