Акча алмаштыруучу жайларга акыр-чикирди ар кайсы жерге таштаганы үчүн 5 миң сомдон айып пул салынды

Акыр-чикирди атайын таштоочу жайга эмес, жолдун боюна, аялдамалардын жанына таштаганы үчүн бир катар акча алмаштыруучу жайлар Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 5 миң сомдон айып пулга жыгылышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда рейд учурунда белгилүү болду.

Дайым жүргүзүлүп келе жаткан рейддин жыйынтыгы менен Биринчи Май району боюнча санитардык-экологиялык нормалардын бузулушу акча алмаштыруучу жайлардын кызматкерлери тарабынан жасалгандыгы белгилүү болду.  

Бишкек шаарынын Абдрахманов-150 дареги боюнча орун алган "Мани стрим", "Кут", "Опция", "Шаршеева Р.К." аттуу бюролордун кызматкерлери өздөрү иштеген үйдүн чыгыш жагындагы аялдамага жана жолдун боюна акыр-чикирлерин таштап келишкен. Муну менен жумушчулардын Административдик кодекстин 489-беренесин бузушкандыгы аныкталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан