Эртең Бишкек, Талас жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 20-февралда Бишкектин, Чүйдүн жана Талас облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаарынын Кулатов, Элебаев көчөлөрүндө жарык өчөт.

Ал эми саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Чүй айылында жана Аламүдүн районуна караштуу Октябрь (Шопоков, Киев, Крупская, Жаш Гвардия, Весёлая, Фрунзе, Шоссейная көчөлөрү) айылында электр жарыгына чектөө киргизилет. 

Ошондой эле Таластагы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Кара-Буура районунун Бакыян, Ак-Жар, Бакайыр, Кайнар айылдарында жарык өчүшү мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан