Бүгүн, 19-февралда Каракол шаарында 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата акция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында шаар мэри жана бир катар ишканалардын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап кайтышты. Аларга жеңиштин символу катары кабыл алынган гвоздика гүлдөрү, эстеликке каларлык белектер жана азык-түлүктөр тапшырылды.
Акцияга шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү, Аскер комиссариаты жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.