Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Дүйнөлүк социалдык акыйкат күнүн жарыялагандыгын белгилөө максатында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесинин негизинде бир айлык жарыяланды. Бир айлыктын алкагында 2015-жылдын 20-февралында саат 10:00дөн баштап облустун жарандары үчүн жер-жерлерде райондук мамлекеттик администрациялардын, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарлардын мэрияларында Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, коомчулук тарабынан төмөндөгү маселелер боюнча суроолор кабыл алынат: пенсия маселеси, жөлөк пулдар, жумуш берүүчү менен жумушчулардын ортосундагы мамилелер, социалдык жеңилдиктер, майыптарга жардам берүү, балдардын көйгөйлөрү, жумушсуздук жана башка маселелер.