19-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 451 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 133 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 140 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 527 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 765 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 19-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 848 миллион метр кубду түзгөн.