Эртең, 20-февралда Бишкекте сот системин өнүктүрүү боюнча тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, анда соттордун каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселеси талкууланат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын сот тутумунун, КРнын Президентинин аппаратынын, Жогорку Кеӊештин, өкмөттүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышат.