Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жардыруу иштери улантылууда

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313-чакырымындагы жардын бөлүкчөсүн атайылап түшүрүү иштери уюштурулуп, 19-февраль күнү саат 16:35 чамасында жардыруу жүргүзүлдү. Жардыруунун жыйынтыгында болжолдуу көлөмү 1500 метр кубду түзгөн жардын бөлүкчөсү түшүп, унаа жолду жаап калды. Учурда тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 3 даана механикалык жүктөгүч, 1 даана экскаватор, 5 даана ХОВО өзү жүктөөчү унаа ишке тартылды. Жол тазалоо иштеринин жүрүшүнө чоң көлөмдө түшкөн таш кыйынчылыкты жаратып, тазалоо убактысы көпкө созулду.

"Топтолгон жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар Оттук, Казан-Куйган айылдарында, Кара-Үңкүр аймагында уюшулган убактылуу жылынуучу жайларга жайгаштырылды. Саат 23:35 чамасында бир тараптуу жол каттамы ачылып, автоунаалар кезеги менен өткөрүлдү.

2015-жылдын 20-февраль күнү жол саат 08:00дөн 18:00гө чейин жабылып, жардын бөлүкчөсүн түшүрүү жана жол тазалоо иштери улантылат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан