Кыргызстан биринчилерден болуп орусиялыктардын “Өлбөс полк” аталышындагы эстафетасын кабыл алды

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө максатында Кыргызстан биринчилерден болуп орусиялыктардын “Өлбөс полк” аталышындагы эстафетасын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Улуу Жеңишти камсыздаган баатырлардын жаркын элесине арналат. Ага ылайык, жеңиш алып келген баатырлардын үй-бүлөсү 9-Майда шаардагы көчөлөрдө салтанаттуу жүрүштө басышат. Бул толкунданткан чоң көрүнүш болорун акциянын уюштуруучулары белгилешет. 

Парадга басчу биринчи катышуучулар Бишкек шаарындагы №13-мектептен тандалып алынды. Алар фронттон кайтып келбей калган аталардын, чоң аталардын балдары, неберелери жана мугалимдер. 

Иш-чаранын алкагында 19-февралда №13-мектепте даярдык иштери жүргүзүлдү. Анда шаардык кеңештин, Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана Ооган ардагерлери аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү болгон Улуу Жеңиштин баатырларынын тизмесин окуп беришти. Ошондой эле Ооганстандан аскерлердин чыгарылышына жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата театралдык көрсөтүү орун алды. Анда Анна Шмыринанын жетектөөсү алдында түзүлгөн мектеп театры “Хатынь” аталышындагы спектаклди койду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан