"Дыйкандарды жер семирткич менен камсыз кылуу маселеси чечиле элек" деди Эркинбек Чодиев

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодиев "дыйкандарды жер семирткич менен камсыз кылуу маселеси чечиле элек" деп билдирди. 
Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирип жатканда үрөн маселеси болбошу керек. "Жер семирткич маселеси түйшүк жаратууда, бирок толук камсыз кылууга аракет кылып жатабыз. Азыр ишкерлер 32 миң тонна жер семирткич берерин айтып жатышат, бирок бизге 200 миң тонна керек. Күйүүчү май менен арзан баада камсыз болушууда, бул жагынан "Газпром" ишканасы жардам кылды. Ал эми өткөн жылы суу тартыш болуп, дыйкандарга түйшүк жараткан. Ошондуктан быйыл суу балансын түзүү максатында Суу чарба департаментине милдеттенмелер жүктөлдү",- деди Чодиев. 
Жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө даярдыгы талкууланып жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан