Баткенде айгүл гүлү үчүн корук курулууда

Баткен облусунун символу болгон айгүл гүлү азайып кетти. Аны кол салуудан коргоо үчүн атайын корук курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-февраль күнү маалымат жыйынында өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. 

Анын айтымында, бул гүл бизде бир гана Айгүл аттуу тоодо өсөт. Аны ар ким каалаган убагында түбү менен жулуп ала берип, гүлдүн саны азайып баратат.    

“Айгүл тоосун тосмо менен курчап, ичиндеги айгүл гүлүнүн жакшы өсүшүнө шарт түзүп бергени жатабыз. Азыркы тапта тосмосуна эле 2,5 миллион сом сарпталып, ал жасалып бүтүп калды. Ал эми ичине суу киргизүү жана башка жумуштар үчүн дагы 10 миллион сом сарптайбыз”,- деди Жеңиш Разаков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baba.
2015-02-20 13:41:21
Айгул гулу сыймыгы Кыргызстандын.Жакшы болоор эле корукка алынса.
+1
aika1405
2015-02-20 15:03:37
Адамдарга эч тушунбойсун,айгул гулу ошол озу оскон тоодон башка жерге оспойт,ошону билип туруп эле жулуп кетишет гулду убал кылып.
0
argen.kg4
2015-02-21 01:03:05
Жакшы жоролго экен.Бирок ошол акчаларды башка нерселерге эмес ошол гул учун гана жумшалса жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан