"Борбордо “Терафлю” дарысын ичип, абалы оорлошуп кеткен балага диагнозду биздин дарыгерлер коюшкан. Анын туугандарынын "дарыгерлер туура эмес диагноз коюшкан" деген дооматы чындыкка дал келбейт. Учурда анын абалы жакшы". Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
“Ал жигит биздин ооруканага жаңы түшкөндө эле анын кызамык менен ооруп калганы аныкталган. Анын бардык белгилери кызамыктыкы болчу, денесин майда бүдүр басып, дене табы да көтөрүлгөн. Анын үстүнө анын туугандары да жигиттин кызамыкка кабылганын билдиришкен. Жигит буга чейин айткандай 2 эмес, 3 даана “Терафлю” ичкенин билдирген. Биздин дарыгерлер тарабынан ал тиешелүү дарылоодон өтө баштаган. Эртеси аны медициналык кароо учурунда Лайелл синдрому (оор түрдөгү аллергиялык дерматит) менен жабыркаганын аныктап, ал диагнозду да биздин дарыгерлер койгон болчу. Бул ооруну дарылаган атайын оорукана жок болгондуктан, ал биздин ооруканада эле дарылануусун уланткан. Кийин №4-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө которулган”,- дейт Г.Аалиев.
Дарыгердин айтымында, учурда жигиттин абалы жакшы болуп калды. "Анын териси мурунку абалына келеби?" деген сурообузга: “Биз буга чейин да мындай оорудан жабыркаган жарандарды дарылаганбыз. Алардын териси аталган оорудан кийин мурунку абалына келген. Ал эми бул жигит боюнча айтсам, эгерде эч кандай инфекция кирбеген болсо, ал мурунку калыбына келет”,- дейт дарыгер.
Айта кетсек, буга чейин абалы оорлошуп кеткен 21 жаштагы Садыбакас уулу Рыскелдинин туугандары дарыгерлер туура эмес дарылагандыктан улам абалы оорлошуп кеткенин айтышкан эле.