Жалал-Абадда студенттердин катышуусунда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленди

Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң залында 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Н.Калмурзаев, Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Н.Нышанов, ардагерлер кеңешинин төрагасы, А.Кочкоров жана ЖАМУнун ректору А.Абдыраев жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, ЖАМУнун окутуучулары катышышты. 

Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталып, оркестрдин коштоосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу алынып кирди. Андан соң өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Н.Калмурзаев, Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов, шаардык кеңештин депутаты Н.Нышанов 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттукташты. 

Шаардагы аскер кызматкерлерине Ардак грамоталар жана мекеме-ишканалардын арасындагы татыктуу кызматкерлерге баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Студенттер жана окутуучулар тарабынан атайын даярдалган концерттик программа келген коноктор үчүн тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aigul2001
2015-02-20 22:20:47
Туура жазса жакшы болмок, эн окунучтуу......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан