Жалал-Абад шаарында рейддин алкагында такси айдоочуларынын патенти текшерилүүдө

Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад шаарындагы такси айдоочуларынын патентин текшерүү максатында Шаардык жол-кайгуул кызматынын, Шаардык салык кызматынын кызматкерлери рейд жүргүзүштү.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, рейд учурунда айдоочулардын көпчүлүгүнүн патенти бар экени аныкталды. Ал эми айрым патенти жок айдоочуларга эскертүүлөр берилди. Ар бир айдоочунун патентке айына 300 сом өлчөмүндө акча төлөй турганы салык кызматкерлери тарабынан айтылса, айрым айдоочулар 300 сом патентке төксө, айрым күндөрү бир күндө 300 сом да иштей албай калышарын билдиришти.

Эгерде айдоочулар патент салыгын төлөшпөсө, 2000 сом өлчөмүндө айып пул төлөшөт. Ай сайын патент үчүн 300 сомду банктар, же болбосо ошол жерлерге коюлган терминалдар аркылуу төлөп койсо болот. Буга чейин да текшерүүлөр көп эле болуп келген. Мындай текшерүү үч күнгө созулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Titi
2015-02-20 15:24:31
Кыйратышыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан